Бишкек мэриясында 8-февралда өткөн жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Дордой" базары бир жылда 314 миллион сом салык төлөгөнүн билдирди. “Бул сумма өтө аз. Адистердин эсептөөсүнө ылайык, бул базарда 2 миллиард долларга чейин акча айланат. "Ош базары" да аз салык төлөп жатат",- деди премьер-министр. Ошондой эле мэрияга жана шаардык Салык кызматына борбордогу бардык ири базарлардагы соода орундарын эсепке алууну тапшырып, Мамлекеттик салык кызматына борбор калаадагы базарларга өзгөчө көңүл буруусун жана супермаркеттерди текшерүүнү тапшырды. "Бишкектин жашоочулары баалар асмандап кетти деп арызданышууда, салык жыйноо болсо азайып жатат",- деп кошумчалады ал.