Түштүк Кореяда ири жол кырсыгы катталды, анда көпүрөдөн 100гө жакын унаа сүзүштү

Бүгүн, 11-февралда Түштүк Кореяда калың тумандан улам 100 унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 2 адам каза таап, 65 адам аймактык ооруканаларга жеткирилди. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Маалыматка ылайык, ири жол кырсыгы Сеулдан 70 чакырым алыстыктагы "Инчхон" Эл аралык аба майданынан алыс эмес жердеги көпүрөдө болгон. Анда жеңил, жүк ташуучу унаалар жана бир мектеп окуучуларын ташыган автобус сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, массалык жол кырсыгы жолду калың туман каптагандыктан улам болгон.  
"Жол кырсыгы катталган жерде "Тез жардам" бригадасы, өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар жана полиция кызматкерлери иш алып барышууда. Жол кырсыгынан жабыркаган 8 адамдын абалы оор бойдон калууда. Жабыркагандардын арасында 19 чет элдик жаран бар, алардын жетөө Кытайдын, бешөө Таиланддын, экөө Вьетнамдын, экөө Япониянын жарандары болсо, үчөө Орусиянын жана Бангладеш, Швейцариянын жарандары",- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
suhrab.kg
2015-02-11 18:03:36
Кудай сактасын
+1
sergo
2015-02-11 18:25:51
Ужас просто кудайым озу сактасын
0
macho90
2015-02-11 18:34:01
Akylga syibaitko 100 mashina kantip ele.
0
Kairatmyn
2015-02-11 19:40:04
macho90, кызык экенсин. Туманды коруп жатасынго козго сайса корунгус.
0
windom
2015-02-11 18:34:47
Буларда 100 машина кагышса 2 адам каза тааптыр. А биздечи 2 машина кагышса 8 адамга чейин каза болушат.
+2
Kairatmyn
2015-02-11 19:44:30
windom, кызык экенсин корейстерге айталыбы анда силер да бизге окшоп кобурок кагышкыла деп мактанасынго Тим эле . Алла омурду сурабай берет жана сурабай алат Ушуну унутпайлы.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан