Кара-Көлдө балык уулап жүрүп сууга чөгүп кеткен жаранды издөө иштери 1 аптадан бери уланууда

Кара-Көлдө балык уулап жүрүп сууга чөгүп кеткен жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, сууга чөгүп кеткен Нуркалый Юсупбековду издөө иштери 1 аптадан бери натыйжасыз болууда. Ал эми изделип жаткан жаран менен бирге сууга чөккөн 23 жаштагы Нурбек Бекташовдун жансыз денеси 9-февраль күнү саат 14:30 чамасында табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Эске салсак, 4-февраль күнү саат 17:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 395-чакырымында Нарын дарыясына 3 адам кайык менен балык уулаганы чыккан. Кайык оодарылып, 2 адам чөгүп, 1 адам тирүү калган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан