Бүгүн, 11-февраль күнү саат 16:55 чамасында Кыргызстандын аймагында күчү 3,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.
Маалыматка караганда, зилзаланын очогу Каракол шаарынан чыгышты карай 124 чакырым алыстыкта жайгашкан. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн айынан жабыркагандар, кыйроолор болгон жок.