“Халифат курууга үндөгөн” деп айыпталган мечит имамы Рашод Камалов эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Айта кетсек, 1978-жылы туулган Рашод Камалов Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сараксий” мечитинин имамы болгон. Ал уюлдук телефон жана интернет аркылуу жарандарды халифат курууга үндөп, Сириядагы согушка аттанууга чакырык таратканы үчүн айыпталууда. Анын жашаган жерин тинтүүгө алуу учурунда экстремисттик маанайдагы китептер жана башка буюмдар табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Камалов убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле.