Сокулук районунда бак-дарактарды мыйзамсыз кыйган эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Экологиялык-техникалык инспекциядан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган Ж.Акылбек жана Н.у.Маралбек аттуу жарандар - Сокулук райондорунун тургундары. Алар район аймагындагы бак-дарактарды мыйзамсыз кыйышкан. Учурда кылмышка шектүүлөр Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.