2012-2013-жылдар аралыгында Кыргызстанда 2200 жаранга мыйзамсыз паспорт берилген. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мыйзамсыз паспорт алгандардын арасында мурда соттолгондор, издөөдө жүргөн жана чет өлкөдөн депортацияланган жарандар да бар. Алар жаңы паспорт алуу менен аты-жөнүн, идентификациялык номурун өзгөртүп, изин жашырууну көздөшкөн. Бул ишке Социалдык фонддун жана Каттоо кызматынын өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экени белгилүү болгон. Анын негизинде иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Токмок шаарында ортомчу аял кармалган. Анын жашаган үйүн текшерүү учурунда 18 паспорт жана ар кандай баракчалар алынган.