Ырчы Арсендин чыгармачылык кечесине шоу чөйрөнүн өкүлдөрү келишти

11-февралда Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде кыргыз эстрада ырчысы Арсен чыгармачылык кечесин тартуулады. 1 эмес, 3 клиптин бет ачарын өткөрүүгө багытталган кечеге кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү Бакыт Байсариев, Эрмек Нурбаев, Нурсултан Майназаров, Санжар Мыкыев, Эрнист Сыдыков, Урмат Усенов, Неля, Анжелика, Максат Бегалиев, Акбар Сүйүнбаев, Даниель, Иса Өмүркулов, Нурсултан Азыкбаев, Бектемир Мамаюсупов, Жийдеш, Миргүл Эсеналиева, Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген, ырчынын жакын достору, клиптин каармандары келишти. Алар алгачкылардан болуп “Сени издеп”, “А бирок билбейсиң”, “Кыргыз жерин даңктайлы” аттуу ырларына тартылган клиптерине күбө болушуп, клиптин сапаты жөнүндө пикирлерин ортого салышты. Ырчынын мукамдуу үнүн баалашып, ийгилик каалап өтүштү. Жагымдуу маанайга курчалган кечеде Арсен мырза жана конокко келген ырчылар бир шиңгилден обон созушту. Шаңга бөлөнгөн иш-чараны Санжар Мыкыев алып барды.  

“Кечени көптөн бери көрүшпөй келген эң жакын сахналаш досторум менен жүз көрүшүү, ортодогу мамилени бекемдөө максатында уюштурдум. Күзүндө жеке концертимди берем, ага карата репертуарымды жаңылап, жаңы альбомдун үстүндө иштеп жатам. Алардын арасында 3 ырга тартылган клиптерди биринчилерден болуп кечеге чакырылган досторума көргөзүп, ал тууралуу пикирлерин угуп, анализ жүргүзөйүн дедим”,- деди ырчы Арсен.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
al79mi
2015-02-12 09:00:41
Молодец Арсен! Келечегинен копту кутсо болот! Ийгилик!
0
AK-47.
2015-02-12 09:12:44
Арсендин ырларын угуп болбойт негизи. Тушунуксуз мааниси жок эптеп элэ ырдабаса ырчы катары баалабайм, -0 деген баа берем
+4
goodman02
2015-02-12 09:28:22
Арсендин уну башка ырчылардан озгочолонуп турат, мага абдан жагат. Ийгилик сага.
-2
Pantherka
2015-02-12 09:51:24
Элдин баары кызыл, ушу быйыл кызыл он мода окшойт деп ойлоп койдум. Былтыр баары когала болду эле....Арсендин уну .....))))) да.
0
aika1405
2015-02-12 10:00:52
Оногу кыз ким,юбкасын кийишти унутуп,колготкичен келиптирго....
+7
Guli.K.E.
2015-02-12 14:43:07
aika1405,Жийдеш да)))
0
aika1405
2015-02-12 10:03:43
Ал колготкиси дагы айрылып калганбы,не балээ.
+3
zamira1989
2015-02-12 12:36:01
ушуга окшогон ырчылар тажатыштыгоо и уну деле жок жон эле журушот сахнада ырчымын дешип андан коро убактыларын башка жушушка коротсо жакшы болот эле бул менин жеке пикирим и максат бегалиевди да кошуп кетет элем
-1
rozka
2015-02-12 12:42:12
Суйлошуп алгансып кызыл кийишиптир го
+2
orhidea83
2015-02-12 12:59:20
Ммм да жашооо керемет дешет го....
0
alai81
2015-02-12 13:36:30
Арсендин бир да ырлары жакпайт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан