Талас. Тоодогу кар эрип, Аманбаев айылын суу каптоодо

Кара-Буура районундагы Аманбаев айылын суу каптоодо. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-февраль күнү саат 14:15 чамасында аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоодогу кар эрип, арыктардан суу ашып, 60 турак үйдүн алдын, анын ичинен 13 турак үйдүн жер төлөлөрүн, 25 чарбалык курулуштарын суу каптаган жана 1,5 чакырым ички чарбалык жолдор жабыркаган. Суу каптоонун кесепеттерин жоюуга жергиликтүү тургундардан 100 адам жана 1 экскаватор, 1 жүктөгүч айыл аймагы тарабынан тартылган. Күнү-түнү нөөмөт уюштурулган. Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле Балыкчы айылында 3 турак үйдүн алдын суу каптаган. Турак үйлөргө коркунуч жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
maks100589
2015-02-12 10:07:47
Кудай сактасын. Мына суу жок, кургакчылык деп жатышты эле.
+1
duldul
2015-02-12 12:44:41
окмот кайда журот жардам берели
0
Aika96
2015-02-12 15:44:14
Арык,канал деген жок бекен жок болсо арык,канал казып сууну Суу-сактагычка толтургула.
0
carmen
2015-02-13 12:23:22
Өмүрбек Бабановдун балалыгы өткөн айыл.. Анын атасы Токтогул Бабанов ушул айылда (илгери "Россия" совхозу болчу) айыл өкмөт болуп иштеген. Кана эми айылдаштарына жардам бергени?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан