Бишкекте режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун өспүрүм курагын баяндаган "Кекеч" аттуу тасманын бет ачары өтүүдө

Бүгүн, 12-февралда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында кыргыз режиссёру Эрнест Абдыжапаровдун автобиографиялык “Кекеч” аттуу тасмасынын бет ачар аземи өтүүдө. Аземге КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, кино тармагынын өкүлдөрү, режиссёрдун жакындары, тасманын каармандары келишти.

Тасмада башкы каармандарды Нурак Өмүрбеков, Рахат Божокоева, Алиша Диа, Айнура Чанчарбаева ойношкон.

“Тасма Бишкек шаарында тартылган. Сапатына көбүрөөк көңүл буруп, каражатты аяган жокпуз. Азырынча канча акча сарпталганы белгисиз. Болжол менен 40-50 миң доллардын тегереги болот. Анткени каражат жетишпей калганда насыя алууга туура келген”,- деди Эрнест Абдыжапаров.

"Кекеч" тасмасы эл назарына коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ayka1994
2015-02-12 13:15:59
Элдин конулуно, купулуна толгон кинолордон аталсын биз чет олкодогулор аны Кино зал болумунон кутуп калабыз
0
alievna.1989
2015-02-12 13:45:49
Ayka1994 сен жаныласын Кыргыз киниосу эч качан жет олколордо коюлбайт кутпой эле кой озу Кыргыздар качан эле сапаттуу кино тартышты эле рекламаны жакшы тарталышпайт анан киного не жок
-3
RUBL_oldugo
2015-02-12 14:07:59
alievna.1989, сен жакшылап окуп анан коммент жазсан. Кино зал болумунон кутуп калабыз деп жазыптыр. Анан да эч качан эч качан деп айтпаш керек! Кудайым буюрса кундордун бир кунундо коюлуп калат чет олкодо.
+2
nazira1989
2015-02-12 15:08:42
RUBL_oldugo, кошулам,эч качан эч качан деп айтпаш керек...Чет жакта жургондорду Аллахым ден-соолук берип,аман-эсен бизге кайтып келгиле...
+2
EdikoKG
2015-02-12 15:34:07
alievna.1989, Туура. Коншу озбек жана казак кинолоруна салыштырмалуу,сапатсыз. Фильмде чыныгы таланттар жок. Баары жасалма. Ошентсе да ,аракетинерге рахмат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан