Аламүдүн районунда "өзү менен жашаган аялды өлтүргөн" деген шек менен 27 жаштагы жаран кармалды

Аламүдүн районунда 27 жаштагы жаран "өзү менен жашаган аялды өлтүргөн" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган эксперттер 33 жаштагы аялдын денесинен көптөгөн жаракаттарды таап, ал аял оор жаракаттардан улам көз жумганын аныкташкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары каза болгон аял менен бирге жашаган 27 жаштагы жаран кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akmosha
2015-02-12 14:34:55
"Ойнош оттон ыссык-боктон сасык" деген туппатуура да озу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан