Орусияда баңгизат менен кармалган кыргызстандык 8 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Троицк шаардык соту чыгарган. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын апрель айында кыргызстандык жаран Челябинскте кармалган. Анын унаасын текшерүү учурунда 23 килограмм баңгизат табылган. Маңзат скотч менен оролуп, ар биринин салмагы 1 килограммга жакын болгон.