Жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болгону үчүн 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 34 жаштагы Р.Г. аттуу айым кайрылган. Анда Талас аттуу бала 16 жаштагы кызы менен жыныстык катнашта болгонун айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 23 жаштагы Б.Т. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.