Жалал-Абад облусунда ири суммадагы салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, “Атил” ишканасынын кызмат адамдары кошумча нарк салыгынын эсеп-фактурасын жасалмалоо менен 1 миллион 723 миң сом салыкты төлөөдөн качышкан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.