Токмокто каза тапкан үй-бүлөнүн 5 мүчөсү иске ууланганы аныкталды

Токмок шаарында ушул жылдын январь айында өз үйүнөн үй-бүлөнүн атасынын жана 4 кызынын жансыз денеси табылган. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, аларды ис ургандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган үйдүн мүчөлөрү үй ичиндеги мештин ордун өз алдынча которушкан. Учурда каза тапкан 5 адам боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгарылды. Азыркы тапта ушул эле үй-бүлөнүн кийинчерээк каза болгон кызынын өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө. 

Айта кетсек, 15-январь күнү Токмоктогу үйлөрдүн биринен бир үй-бүлө каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат тараган. Алгач алардын тамак-ашка ууланганы айтылган эле. Ал каргашалуу окуяда үй-бүлөнүн бир кызы аман калган. Бирок 26-январь күнү өзүнө келбей жатып ооруканадан каза болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akmosha
2015-02-12 12:22:06
Байкуш аялга эле кыйын болду,кантип жатты экен?Жасагандары баары кыздары учун эле да,Эми кайраттуулук,сабырдуулук тилейм эжеге.Маркумдардын жаткан жерлери жайлуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан