Бишкек шаарында өзүнүн чоң энесинин зер буюмдарын уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында өзүнүн чоң энесинин зер буюмдарын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 60 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал небереси үйүнөн жалпы суммасы 80 миң сомду түзгөн зер буюмдарын уурдап кетип, кайтарып бербей жатканын айткан. Ошондой эле пенсионер бир нече жолу небересинен зер буюмдарды кайтарууну өтүнүп, бирок ал натыйжасыз болгондугун билдирген. Бул кылмышка шектүү катары 20 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө улантылууда. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gosexpertisa
2015-02-12 16:20:56
Өзүнүн чоң энесинен уурдоого эмне себеп болду экен. Кайтарып берсеңчи, тагдырыңа балта чаппай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан