Бүгүн, 12-февралда парламент жыйынында депутат Асия Сасыкбаева айым депутаттардын атынан президенттик аппараттан мурунку башкы прокурор Аида Салянованы мамлекеттик күзөт кызматы менен камсыздап берүүнү суранды.
А.Салянова маалымат жыйын өткөрүп, ага карата коркутуулар болуп жаткандыгын айткан депутат: "Жакын арада депутат айымдардын атынан А.Салянованы мамлекеттик күзөт кызматы менен камсыздоо суранычы менен арыз беребиз. Эгер мурунку башкы прокурорго бир нерсе болуп кетсе, өкмөт, президенттик аппарат жооп берет",- деди Сасыкбаева.
Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев буга төмөнкүдөй жооп берди: "Кыргызстанда мамлекеттик күзөт кызматы менен жогорку деңгээлдеги адамдар - президент, парламент төрагасы, өкмөт башчысы, Жогорку Соттун төрайымы камсыздалат. Эгер депутат кат жүзүндө кайрылса, ага да мүмкүнчүлүк бар. Ал эми башкы прокурорго мамлекеттик күзөт кызматы каралган эмес. Бирок президент анын эмгегин баалап, өзүнүн сунушу менен күзөт кызматын бөлүп берген болчу.
Экинчиден, мурунку башкы прокурор ага карата коркутуулар тууралуу ички иштер органдарына кайрылган эмес. Анын мындай укугу бар. Эгер арыз менен өзү жашаган жердеги милиция бөлүмүнө кайрылса, укук коргоочулар күзөткө алышат".
Айта кетсек, Аида Салянова кечээ маалымат жыйынында өзүн кайтарган мамлекеттик күзөт кызматы алынганын билдирген эле.