Москва районунда жол кырсыгы катталып, 12 жаштагы кыз каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 11-февраль күнү саат 15:55 чамасында болгон. Анда Ак-Башат айылын көздөй бара жаткан 1965-жылы туулган Ж.Н. унаасы менен 2003-жылы туулган М.к.Аны сүзүп алган. Анын кесепетинен мектеп окуучусу каза тапкан. Ал эми айдоочу милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алдын ала маалымат боюнча, ошол учурда айдоочу мас абалында болгон.