Алиша Диа, Рахат Божокоева, Жаныш Майр тартылган "Кекеч" тасмасы эл назарына коюлду

Бүгүн, 12-февралда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында режиссёр Эрнест Абдыжапаров “Кекеч” аталышындагы тасмасын эл назарына койду. Фильмдин бет ачар аземине КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, режиссёрдун жакындары, тасманын көркүн ачкан каармандар, шоу чөйрөнүн өкүлдөрү келишти.

Фильмдин сценарийинин автору - Эрнест Абдыжапаров, экинчи режиссёру - Перизат Эрнест кызы, оператору - Санжар Абдыжапаров, сүрөтчүсү - Улан Азиев, композитору - Мирзали Жээнбаев, продюсери - Сүйүмкан Сулайманова. Ал эми каармандардын келбетин жана кийиминин көркүн Замира Молдошева караган. Башкы каармандардын образын Нурак Өмүрбеков, Жаныш Майр, Рахат Божокоева, Алиша Диа, Айнура Чанчарбаева ойношкон.

Тасманын мазмунуна токтолсок, анда балдар үйүнөн тарбияланып чыгышкан эки бир туугандын жашоосу сүрөттөлөт. Бакыт такси айдап жашоо менен күрөшсө, Нурак консерваторияда окуган кекеч жигит болот. Музыка жаатында билим алган Нурактын башына сүйүү келип, ага жетүүгө кекечтиги тоскоолдук жаратат. Фильмдин сюжети мындан ары өрчүп, каармандардын жашоосу жагымдуу бурулуш жасайт.

“Мен кичине кезимде кекеч болчумун. Апам айылдан шаарга алып келип логопедге көргөзүп жүрүп ал кемчилигим бара-бара жоюлду. Бул тасма менен "адамдын ички дүйнөсүндө гармония болбосо такалып, кекечтенет, мүчүлүштүктөргө туш болот" деген түшүнүктү жеткирүүнү максат кылдык. Кекечтик башкы каарманда гана эмес, азыркы коомубузда да бар”,- деди фильмдин режиссёру Эрнест Абдыжапаров.

Фильмде башкы каарман - кекеч жигиттин образын ачкан 18 жаштагы Нурак Өмүрбеков буларга токтолду: “Өзүм К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын студентимин. Тасмага кастинг аркылуу келдим. Ролго бекитилгенден кийин дароо каарманымдын ролун аткарган жокмун. Кекечтенгенди чындыкка дал келтирип аткаруу кыйын болду. Анын ыкмасын 3 ай Эрнест агайдын мастер-классынан үйрөндүм. Тасма мага кандай кыйынчылык болбосун аны жеңип, коюлган максатка жетиш керек экенин үйрөттү. Андан тышкары мурда бас-гитара, комузда ойногонду билсем, эми саксофонду өздөштүрө баштадым”.

"Кекеч" тасмасы эл назарына коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ariet7
2015-02-12 16:53:36
Нэля жакшынакай болуп калыптыр имджин озгортуп
-2
kama_future_millioner
2015-02-12 17:42:59
Жакшы киноо өндөнөт эми эртерээк интерге чыксын мекенибизден алыстагылар көрсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан