Дамира Ниязалиева акын Алыкул Осмоновдун Каптал-Арык айылында жайгашкан мемориалдык үй-музейинде болду

КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында болуп, акын Алыкул Осмоновдун мемориалдык үй-музейинде жасалып жана пландаштырылып жаткан иштер менен кеңири таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле вице-премьер 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгына пландаштырылган 350 орундуу конференц-зал куруу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 33 миллион сом акча каражатынын сметасын аныктоо жана конференц-залдын сырткы көрүнүшүнүн макетин кайрадан карап чыгуу боюнча тапшырма берди. 
Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жана Чүй облусунун ыйгарым өкүлчүлүгүнө 2015-жылдын 25-мартына чейин акындын 100 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде белгилөө максатында түзүлүп жаткан иш-чаранын сценарийин биргеликте иштеп чыгып, сарпталуучу каражаттын эсебин алуу боюнча тапшырма берилди.
Белгилей кетсек, 2015-жылы көрүнүктүү кыргыз акыны Алыкул Осмонов 100 жашка чыкмак. Бул кылым карыткан датаны мамлекеттик деңгээлде белгилөө боюнча КРнын Өкмөтүнүн атайын буйругу чыгып, вице-премьер-министр жетекчилик кылган уюштуруу комитетинин курамы бекитилген. Учурда бул иш-чарага даярдыктар көрүлүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан