Таластагы суу ташкыны 100дөн ашык турак жайга коркунуч жаратууда

Талас облусунда суу ташкыны 100дөн ашык турак жайга коркунуч жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Буура районундагы Кара-Буура айыл аймагына караштуу Кызыл-Адыр айылында жааган жаандын жана кардын тез эришинен Кара-Суу суусу өз нугунан ашып, 50 турак жайга, Бейшеке айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылындагы 10 турак жайга коркунуч жаратууда. Ал эми Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагына караштуу Түйтө айылында сел суулары Түйтө - Бакай-Ата унаа жолун каптап, 50 турак жайга коркунуч келтирди. Учурда атайын техникалар тартылып, суунун нугун буруу иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан