Ош шаарында жоголгон 21 жаштагы Мария Рыбалованы издөө иштери натыйжасыз болгондуктан, аны издөө иштери борбор калаада улантылмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мария Рыбалова 19-январда саат 09:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери Ош шаарында, Жалал-Абадда да жүргүзүлгөн, бирок ал эч кандай натыйжа берген эмес. Айрым маалыматтарга ылайык, жоголгон кыз борбор калаага чет жакка кетүү максатында келиши мүмкүн.
Дайынсыз жоголгон Мария Рыбалова үстүнө кара дублёнка, кара шым, кара бут кийим кийип жүргөн. Бою болжол менен 160-165 сантиметр. Кимде-ким бул кыздын жүргөн жери тууралуу маалыматка ээ болсо, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын иликтөө бөлүмүнө кайрылса болот: (03222) 5-71-81, 102 же (0555) 11-61-92.
Айта кетсек, 2 ай мурун жоголгон кыздын атасы, андан көп өтпөй бир тууган агасы каза болуп калган. Мария Рыбалова үй-бүлөсүндөгү жоготуулардан улам депрессияда жүргөнү айтылган.