“Толкунбек Шоноевди өлтүргөн” деп шектелип кармалган жаран кыйноого кабылууда

“Милиция кызматкери Толкунбек Шоноевди өлтүргөн” деп шектелип кармалган Кадырбек Сайдиев кыйноого кабылууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда айыпталуучунун жактоочусу Саликан Биримкулова билдирди.

Анын айтымында, кардары Кадырбек Сайдиев милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылган. Бүгүн экспертизадан өткөн. Денесинде көк ала тактар бар.  

Бул боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы “Кылмышка шектүү Кадырбек Сайдиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайында. Ал эми анын иши Ош облустук прокуратурасында. Милиция кызматкерлери сабады деген маалымат чындыкка дал келбейт” деп билдирди.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 11-январында милиция кызматкери Т.Шоноевди белгисиз адамдар үйүнө келе жатканда атып кетишкен. Бул кылмышка шектүү катары Кадырбек Сайдиев кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Shah
2015-02-12 19:20:19
Эх Женгону кыйнай тургандар бар бекен
-1
Ariet7
2015-02-12 20:05:02
Shah, Женгон ким эле?
+1
Aidar.001
2015-02-12 20:50:15
Кыйнабай эле урбайбы анан
0
fora
2015-02-12 23:09:54
Ал адам олтурду эми жазасын алсында
+1
Sayragul
2015-02-13 10:11:32
Тиги адвокат акча учун чуйлойт да, жанын жеп, бул жакта адам омурун алды, тепкилемек тургай чала жан кылса дагы жарашат. Ал эмне адвокаттын айтуусу боюнча башынан сылап , сыйлап отургузуш керекпи.
0
Sayragul
2015-02-13 10:22:26
Бул Кадыровдун кармалышы 2 жылдан бери кутулот. Кел торго от деп баш тартып, колуна суу куюп. Койсончу адвокат болбой эле койбопсун акча учун, ушундай кылмыш жасаган адамга, акча учун эмне гана кылбайсынар силер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан