Эки күндөн бери текшерүүгө алынып жаткан "Элдик лотерея" өз ишмердүүлүгүн токтотпойт. Ишкана билеттерди сатууну жана байгелерди ойнотууну уланта бермекчи. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
"Азырынча тергөө амалдары аяктай элек. Ал аяктамайынча жана лицензия чын эле мыйзамсыз берилгени такталмайынча "Элдик лотереянын" ишмердигин токтото албайбыз. Азырынча лотереянын ишин токтотуу маселеси коюлган жок",- деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.
Айта кетсек, борбордогу "Элдик лотерея" ачык акционердик коомунун кеңсеси ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде текшерүүгө алынууда. Тинтүү иштери кечээ да жүргөн, бүгүн ишкананын бардык документтери текшерүүгө алынганы белгилүү. Айрым маалыматтарда айтылгандай, аталган ишканага убагында мыйзамсыз лицензия берилген. Ага Ак үйдөгү айрым чоңдордун да тиешеси бар экени айтылууда.