Борбор калаадагы Спорт Ордосунда 12-февралда "Тамашоу" долбоорунун 7-сезонунун Кышкы фестивалы болуп өттү. Бул жолу да "тамашоучулар" жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулашты. "Тамашоу" долбоорунун президенти Эрмек Нурбаев да тамашаларга кошулуп, бардык оюнчуларды колдоп турду.
Кышкы фестивалда катышуучулар “Курт-кумурскалар менен күрөшүүнүн альтернативдүү жолдору” деген теманын алкагында тамашаларын тартуулашты. Албетте, 14-февраль - Сүйүү күнү, рублдун курсунун түшүүсү, КРнын Башкы прокурорунун алмашканы тамашаларда басымдуулук кылды.
"Кыргыз двордун" жигиттеринин бири "бул биз үчүн майрам эмес" десе, калганы "ооба, анткени сенин сүйлөшкөн кызың жок да" деп көпчүлүктү жылмайтышты.
"Brooklyn" курамасындагы толук кыз "Жигиттер, силер мага окшогон кызды карабайсыңар, бирок арык кызыңар шамал болгондо учуп кетет. Мен силерди сактап, шамалды тосуп турам" деп арманын айтты.
Фестивалга биринчи жолу катышып жаткан "Ошингтон" курамасы калыстар тобунун да, "Тамашоунун" күйөрмандарынын да мактоосуна татыды. Алгачкы жолу чоң сахнага чыкканына карабастан, жаш оюнчулар мыкты оюн көрсөтүп беришти. Курамдагы Медер аттуу баланын актёрдук чеберчилиги, сахнада өзүн алып жүргөнү, активдүүлүк көрсөтүп аткарганы ага "Мыкты оюнчу" наамын алып келди.
"National" курама командасынын Кыргызстандагы коомдук-саясий окуяларды, саясатчылардын олуттуу кадамдарын футболго салыштырган тамашасы бул фестивалда "Мыкты тамаша" наамына татыктуу болду.
Бирин-бири тамашага салгандан тартынбаган, фестивалга жогорку деңгээлдеги даярдыкта келген "Универсал" курама командасы "Мыкты команда" наамын жеңип алды. Алардын аткаруусундагы курт-кумурскалар тууралуу сабак, жер алдындагы өтмөктө бут кийим тазалагандардын таймашы көпчүлүктүн эсинде көпкө сакталары бышык.
"Тамашоу" Лигасынын 7-сезондогу Кышкы фестивалы "тамашоучулар" Самат Эркинбеков жана Мурат Жалиевдин тамаша баттлы менен жыйынтыкталды.
Белгилей кетсек, фестивалда “Рота”, “Тамашарики”, “Багыт”, “Арабаев”, “Олимпик”, “НКБ”, “National”, “Универсал”, “Позитифф”, “Евраш”, “Brooklyn”, “Ошингтон”, “Кыргыз двор”, “Элестет”, “Ассорти”, “IUK” командалары күч сынашты. Алардын талантына баа берип, тамашаларын "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, дизайнер Замира Молдошева, ырчылар Омар, Урмат Усенов, "тамашоучулар" Самат Эркинбеков, Мурат Жалиев, юрист Жоомарт Жолдошев, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө департаментинин Атайын карантин жана кооптуу оорулар борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев электен өткөрүштү.