Малайзиядагы мекендештерге күлкү коштогон концерт тартууланып, "Бир тууганчик" тасмасы көрсөтүлдү
Бүгүн, 12-февралда Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарындагы "Corus" мейманканасында Малайзиядагы мекендештер жолугушту. Аны Малайзиядагы кыргызстандыктардын биримдиги уюштурду. Алгач кеченин уюштуруучулары Бектур Рахатбек уулу жана Сагындык Балтабаевдер сөз сүйлөшүп, сахнага Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановду чакырышты. К.Султанов сөз сүйлөгөн соң ырчылар Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова жана Малайзиядагы кыргызстандыктардын биримдигинин чакыруусу менен барган "тамашоучулар" Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулунун коштоосунда чакан концерт болду. Андан кийин "Бир тууганчик" тасмасы көрсөтүлдү.
Кечегиде Нурлан Малайзия сонун экен Интернеттен көрдүм деди эле... Анан мен да кызыгып Интернеттен карасам чын эле кооз экен... Мен да барууну максат кылып койдум....
Жакшы азаматсыңар... Сонун эс алып келгиле!!
0
brend007
2015-02-13 01:23:42
super.kgге Малайзиядан туруп ким кирет? Соонун жер болсо керек.
0
MoXiTo
2015-02-13 08:51:49
Эххх жумуштун айынан бара албай калганыма кечээден бери озуму жемелейм, соонун отконго эхх эхх... Суперчилер жана жылдыздар Малайзияга кош келипсиздер!!!
0
Compact
2015-02-13 10:05:32
MoXiTo, ай-ай-ай! Жаман болуптур, барып алсан жакшы болмок экен. Канчалаган кыргыздар менен таанышып алмаксын. Катташып турмаксын. ((
0
Compact
2015-02-13 10:04:13
Малайзияда кыргыздар коп экен да )) Бири-бири менен таанышып алып, жардам корсотуп, мекенине болгон сагынычты таратып алышса керек мындан кийин! Азаматсынар! Ар дайым ынтымакта болгула!
+1
deva
2015-02-13 14:57:58
Айнура Турду кызы да жүрөт го сүрөттө. Илгери ушундай ырчы бар болчу Кыргызстанда
+1
FSB
2015-02-13 16:11:50
deva,menin da esimde bul yrchy:)
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.