"Ден соолук шаарчасы" долбоору абдан кызыктуу жана келечектүү. Ал Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошот". Мындай пикирди бүгүн, 13-февралда КСДП фракциясынын жыйынында фракция жетекчиси
Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоордун алкагында жаңы медициналык борбор курулмакчы. "Ден соолук шаарчасы" долбоору саламаттыкты сактоо тармагындагы бир топ көйгөйлөрдү чече алат. Булар: аймактардагы медициналык камсыздоо, жаңы заманбап клиникалардын курулушу жана кадр маселелери. Долбоорду ишке ашырууда ири инвестициялардын түшүшү күтүлөт",- деди Турсунбеков.
Мындан тышкары КСДП фракциясы "Ден соолук шаарчасын" колдооруна ишенерин белгиледи депутат.