Министр: "Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүнү таза барактан баштаганы жатабыз"

Бүгүн, 13-февралда парламенттеги КСДП фракциясынын отурумунда "Ден соолук шаарчасы" долбоору талкууланып жатат. Жыйында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев: "Кыргызстандын медицинасы оор күндөрдү баштан кечирүүдө. Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүнү таза барактан баштоого ниеттенип жатабыз",- деп билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлүк инвесторлор ал жетектеген министрликке ири медициналык борборду куруу сунушу менен кайрылышса, демилге жер тилке бөлүү маселесинде токтоп турат. "Ден соолук шаарчасы" долбоорунун алкагындагы курулчу медициналык борбор Чүй облусуна, бирок Бишкектен алыс эмес аймакка курулганы туура. Ага 50-100 гектар жер тилкеси керек болууда. Анын аймагында медициналык кызматкерлер, бейтаптар, аларды карап жаткан адамдар үчүн турак жайлар жана медициналык клиникалар жайгашмакчы",- деди министр.

"Акчасы жетиштүү кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө дарыланып, мамлекеттик бюджетке түшчү миллиондогон акча каражат кетип калууда",- деп кошумчалады Батыралиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан