Эртең, 14-февралда Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" борбордук мечитинде ынтымак-биримдик, Сирияга кетип жаткандар боюнча укук коргоо органдарынын, дин өкүлдөрүнүн жана жарандык коомдордун катышуусунда талкуу болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Анда укук коргоо органдарынын, коопсуздук кызматынын Кыргызстан менен коңшу өлкөлөр ортосундагы мамилелери жана диний экстремизмдин күчөп бара жаткандыгы каралат. Ошондой эле өлкөнүн түштүк аймагындагы мечиттердин имамдарынын сабаттуулугу сыяктуу маселелер талкууга алынат.