12-февралда Бишкекте К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде кытайдын салттуу искусствосундагы “Цзяньчжи” аталышындагы кагазды кооздоп кесүү боюнча мастер-класс өткөрүлдү. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунан билдиришти. Иш-чарага Бишкек жана Чүй облусунун мугалимдери, бала бакчалардын тарбиячылары, балдар чыгармачылык борборлорунун педагогдору катышты. Алар кагаздан кооздуктарды жасоонун 4 түрүн үйрөнүштү.
Маалым болгондой, “Цзяньчжи” 2 миң жыл мурун пайда болгон. Борбордук жана Батыш Кытайдагы казуу иштеринде табылган кагаздардын айрындылары Хань династиясына тийиштүү болгондугу айтылып келет.
Кагаздан жасалган кооздуктар февралда белгилеген кытайлыктардын Жаңы жыл күнүндө терезелерге илинип, туулган күнгө, үлпөт тойго жана башка майрамдарда белекке берилет.