Бишкекте “Тамашоунун” кышкы фестивалынын 2-күнкү жеңүүчүлөрү аныкталды

10-февралда Бишкек шаарынын Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” фестивалынын экинчи күнү өттү. Мында "Бишкек", "Олимпик", "Kg 77", "Талас", "Ассорти", "Кыргыз Двор", "ЧолпоN", "S.O.S", "Моника Беллуччи", "Элестет-НКБ", "Ысык-Көл" курама командасы, "40 чоро",  "Позитифф-Вукинги", "Джентелмендер", "Cosmo Политех", "Ак-Кеме" командалары оюн көрсөтүштү. Командалардын өнөрлөрү калыстар тобу тарабынан бааланып, “Эң мыкты команда” наамын “Моника Беллуччи” командасы жеңип кетти. Ал эми “Эң мыкты тамаша” наамына “Kg 77” командасы жана "Позитифф-Вукинги" балдарынын тамашалары татыктуу болсо, фестивалдын “Эң мыкты оюнчусу” наамын “Позитифф-Вукинги” командасынын оюнчусу Шумкарбек Бейшеналиев жеңип алды.  

 

49-сүрөттө - "Эң мыкты команда" наамын жеңип алган "Моника Беллуччи" командасынын жигиттери

50-сүрөттө - "Kg 77" жана "Позитифф-Вукинги" командалары

51-сүрөттө - "Позитифф-Вукинги" командасынын мүчөсү, фестивалдын "Эң мыкты оюнчу" наамынын жеңүүчүсү Шумкарбек Бейшеналиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kinaza
2013-02-11 14:14:39
Мен бул оюнга бара албай калдым, диски качан чыгат болду экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан