Бишкекте "көзүнө туура эмес операция жасалган" делген баланы адистер жана профессорлор текшерүүдө

Борбор калаанын Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көзүнө туура эмес операция жасалган делген 8 жаштагы бала экспертизадан өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда SUPER.KG порталына Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун көз-микрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси Нарын Асаналиев билдирди.

“Учурда коомчулукта катуу талкууга алынып, "көзүнө туура эмес операция жасалган" делген баланы атайын комиссия текшерүүдө. Анын курамына тиешелүү адистер, окулисттер жана профессорлор кирди. Экспертизанын жыйынтыгы 2-3 күндүн ичинде даяр болот. Учурда баланын абалы жакшы. Бирок күн сайын каттаган журналисттер жана туугандары анын ден соолугуна коркунуч келтиришүүдө. Себеби балага операция жасалганына бир нече эле күн болду. Анын көзүнө инфекция кирип же ал ооруп деле калышы мүмкүн. Ага биз операция жасаганбыз, ал ооруп калса да биз жооп беребиз. Тилекке каршы, баланын туугандары жана айрым массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү муну түшүнбөй жатышат”,- дейт Н.Асаналиев.

Айта кетсек, бир нече күн мурун айрым маалымат булактарына "Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун эки дарыгери катачылык менен баланын соо көзүнө операция жасашкан" деген маалымат чыккан. Ал эми ооруканадан дарыгерлер тарабынан эч кандай катачылык болбогонун ырасташкан. Ошондой эле ал маалыматты баланын туугандарынын бири таратып жатканын билдиришкен.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан