Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сарахсий” мечитине убактылуу жаңы имам дайындалды

Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сарахсий” мечитине убактылуу имам болуп Сүйүн ажы Калыков дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал мурда Кара-Суу районунун башкы имамы болуп келген. Аны жамаатка Ош облусунун казысы тааныштырган.

Буга чейин “халифат курууга үндөп, Сириядагы согушка аттанууга чакырык жасаган” деп айыпталган “Ас-Сарахсий” мечитинин имамы Рашод Камалов милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан