"Башкы прокурорлук кызматынан кеткенин президенттин колдоосун сезбей калганы менен түшүндүргөн Аида Салянова президенттин колдоосунун жоктугуна карабай коррупция менен күрөшүүнү улантышы керек болчу". Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, мурунку башкы прокурор Аида Сальянованын коррупция менен күрөшүүдөгү имиджи президент А.Атамбаевдин колдоосунун артында сакталып турган.
Т.Акун "бул кызматта иштегендер президент же бийлик өкүлдөрүнүн колдоосун дайыма сезип турушу керек" деген пикирге кошулбайт. Ошентсе да А.Салянова тарабынан көбүнчө оппозиция өкүлдөрүнө кылмыш иши козголгонун, бирок башка башкы прокурорлорго салыштырмалуу жакшы иштегенин белгиледи. “Тескерисинче, бийлик өкүлдөрү башкы прокурордун ишине кийлигишпөөгө тийиш”,- деп кошумчалайт мурунку акыйкатчы.