Ошто мектеп окуучуларынын арасында “Жаш куткаруучу” командалары түзүлдү

Ошто мектеп окуучуларынын арасында “Жаш куткаруучу” командалары түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чаранын максаты - жаш муунду куткаруучулардын түйшүктүү жана сыймыктуу жумушу менен тааныштырып, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргонуу эрежелерин үйрөтүү.

Жаш куткаруучуларга ар жуманын бейшемби күндөрү Куткаруу отрядынын окуу борборунда жана Ош шаардык куткаруу кызматынын имаратында практикалык жана теориялык сабактар өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан