Өткөн жылы Бишкекте мамлекеттик эмес тилде жарыяланган 1640 сырткы көрнөк-жарнак алынган. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда SUPER.KG порталына Бишкектеги Жарнама департаментинин бөлүм башчысы Канат Кулуев билдирди.
“КРнын “Жарнама жөнүндө” жана “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде Бишкек шаарынын аймагында орнотулган сырткы көрнөк-жарнактар көзөмөлдөнөт жана орнотууга уруксат берет. Жарнама департаменти жарнаманы орнотууга уруксатты Бишкек шаардык мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн макулдашуусунан кийин гана берет. Былтыр мамлекеттик эмес тилде жазылган 1640 жарнак алынган. Анын ичинен 501и керме жарнагы, 395и штендер, 72си тышкы жарнактар, 57си кронштейн, 7си нускоочу жарнама, 221 даана чоң жарнама, 334ү бак-дарактардагы жарнамалар. Департамент мамлекеттик тилде жазылбай калган жана грамматикалык жактан ката кеткен жарнамалардын ээлерин аныктап, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Мындай иш-аракеттер күн сайын аткарылып келет. Жумасына эки жолу шаардык түзүмдөрдөн жана аймактык бөлүмдөрдөн комиссия түзүлүп, эскертүү берилген жана каталары оңдолбогон жарнамалар алынууда”,- дейт К.Кулуев.