Бишкекте кыздарга убактылуу жигит болуп жалданып акча тапкан мырзанын жашоосун баяндаган кинокомедиянын бет ачары болду

Бүгүн, 13-февралда кыргыз киносу дагы бир комедия жанрындагы тасма менен толукталды. Бишкектеги "Манас" кинотеатрында "Убактылуу жигит" тасмасынын бет ачары жабык эшик артында көрсөтүлдү. Аземге фильмдин жаратуучулары, демөөрчүлөрү, киночулар, шоу чөйрөнүн өкүлдөрү Атай Өмүрзаков, “Тумар КР” бий тобу, Камчыбек Жумабеков, Тилек Чериков, Талант Кандыбаев жана башкалар келишти.

Фильмдин режиссёру - Амантур Ормуков, продюсери - Нурлан Мамакеев. Башкы каармандардын ролун Каныбек Рыспаев, Малика Шүкүрбекова, Тилек Жапаров, Канат Керимбаев, Айзада Атаханова ойношкон.

Тасма кыздарга убактылуу жигит болуп, ал кызматына акча алган 25 жаштагы Жанат аттуу жигит тууралуу. Аны кыздар кечелерге, туулган күндөргө, ата-энеси менен таанышып коюуга жалдашат. Кыздардын тилегин ишке ашырып жүргөн Жанатка бир күнү мырзадан сунуш түшөт. Фильмдин сюжети бул сунуштан кийин мындан ары кызуусуна кирип, күлкүлүү, кызыктуу окуялар менен коштолот.

Режиссёр кыздарга убактылуу жалданып акча тапкан жигитти тасмага түшүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Aisanat
2015-02-13 21:44:01
Тизер деген жаны созбу?
+1
dav312
2015-02-13 21:50:55
Aisanat, мурун эле бар болчу
0
Abdyrawit
2015-02-14 04:41:34
Aisanat,
"Тизер"-деген сөздү мен да бир канча жолу уккам... Бирок анык эмнени түшүндүрүшүн билбейем...
Менин оюумча Трейлердин Эркелеткен атыго
0
Emilyen86
2015-02-17 22:02:31
Aisanat,googlega kirip terip korsonor baary bar
0
jipara86
2015-02-13 23:36:23
Тизер бул эмнени тушундурот.
0
elli_88
2015-02-13 23:40:52
Трейлер деген созго кыскартканыго
0
kama_future_millioner
2015-02-14 00:30:07
Кинолорубуз саапат жагына да өтсө экен 1 айда тартып буткөн кино кандай болду экен
+1
brend007
2015-02-14 01:59:42
кыздардын сулуулары бул жакта экен гооооооо
0
Tynchy28
2015-02-14 02:17:06
трейлер бул кинонун мыкты жерлерин тандап монтаждайт. Ал эми тизер эмоциалдуу бир эпизодту тартат.
0
sergo
2015-02-14 04:09:44
муж на час деген кинодой экенда тушунугум боюнча
+1
Abdyrawit
2015-02-14 04:45:43
Чет элдик тасмалардан эле ала койуп.. Синарий жазып жатышат....
Өткөндөгү "Орхидея" киносунун.. "Лолита" тарсмасына окшоштук жактары бар экен
0
Emilyen86
2015-02-17 22:12:03
Abdyrawit,kanday bolso da "Apamdyn mahabatyndai" kinolordu korushko tuura kelgen zamandar artta kalganyna suyunolu dostor. Myndan 5-10jil murda ozubuzdun adamcha tartylgan kinobuz jok, ozbek jana orustardyn kinosun korushko tuura kelgen zamandar bolgonun unutpayli.
0
EdikoKG
2015-02-14 09:34:38
Саны бар,сапаты жок эле аталыштагы тасамалар кобойду.
0
Мэри
2015-02-14 18:53:11
Ти́зер (англ. teaser «дразнилка, завлекалка») — рекламное сообщение, построенное как загадка, которое содержит часть информации о продукте, но при этом сам товар не демонстрируется. Тизеры обычно появляются на раннем этапе продвижения товара и служат для создания интриги вокруг него.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан