Жалал-Абад облусунда уурулукка шектелген үч кылмыштуу топ кармалды
Жалал-Абад облусунда уурулукка шектелген үч кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмыштуу топтор облус аймагындагы бир нече уурулук фактыларына шектелүүдө. Алардын бирин жашы жете элек өспүрүмдөр түзөт. Учурда келтирилген чыгымдар такталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.