Бишкек мэриясы 13-февралда борбор шаардын ИИББи менен биргеликте Бакай-Ата конушунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жаңы конуштун көйгөйлөрү, андагы аймактык милиция кызматкерлеринин иши талкууланганын кабарлайт мэрия. Жергиликтүү тургундар конушка газ жеткирүү, суу чыгаруу, канализация куруу, жолдорду оңдоо, спорттук аянтча куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу маселесин көтөрүштү. Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов: "2015-жылкы планга узундугу 1,2 чакырымды түзгөн Талаа көчөсүнө асфальт төшөөнү киргиздик. Ушул эле көчөгө жарыктандыруучу 30 лампа коюлат, шаардын бюджети бекитилгенден кийин курулуш иштери башталат",- деп билдирди.