Кыргызстанда 2014-жылы 4 жолу жер көчкү жүргөн

Кыргызстанда 2014-жылы 4 жолу жер көчкү жүргөн. Жер көчкү түшүү коркунучу бар 347 жерде изилдөө иштери жүргүзүлгөн (Жалал-Абад облусунда 180, Ош облусунда 147 изилдөө). Муну 14-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Былтыр республика аймагында күчү 6 баллдан жогору болгон 1 жер титирөө катталган: 2014-жылдын 14-ноябрында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда катталып, анан кесепетинен бир топ турак үй жабыркаган. Кар көчкүлөрү тууралуу министрлик буларды кабарлады: "2014-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул, Чаткал, Тогуз-Торо райондорунун, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун, Нарын облусунун Нарын районунун, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймактарында кар көчкүлөрдүн түшүшүнөн унаа жолдору убактылуу жабылып калган учурлар катталды. Адам өлүмү жана чоң кыйроолор катталган жок. Гидрологиялык камсыздоонун жыйынтыгында жыл аралыгында 387 божомолдоо чыгып, 90 пайызга акталган".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан