Жылнаама, 15-февраль: Мындан 26 жыл мурун 9 айга созулган советтик аскерлерди Ооганстандан чыгаруу операциясы аяктаган
* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы 9 айга созулган советтик аскерлерди Ооганстандан чыгаруу операциясы аяктаган. Аму дарыясындагы Достук көпүрөсү аркылуу акыркы советтик БТР танкы өткөн. Андан кийин көпүрөдөн акыркы совет жоокери СССРдин аймагына кирип келген.
1979-жылы СССРдин аскер бөлүктөрү Ооганстан жерине кирип барышкан. Максаты жаңы түзүлгөн ооган өкмөтүн моджахеддерден коргоо, укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө көмөк көрсөтүү болгон. 10 жылга созулган согушка 1 миллионго жакын советтик аскер катышып, 20 миңдейи каза тапкан. 30 миңдей жоокер жаракат алып, майып болушкан. 1 миллиондой ооган эли кырылган.
* Мындан 104 жыл мурун, 1911-жылы алгачкы алиппе китеби “Алифба йаки төте окуу" деген аталышта жарык көргөн. Китепти атактуу кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабай уулу Уфада (Башкортостан) окуп жүргөн кезинде казак студенти Хафис Сарсекеев менен биргеликте чыгарган. Бул китеп кыргыз-казак тилинде араб жазмасында “Шарк” басмаканасында басылып чыккан. Ал эми азыркы алиппенин алгачкы автору - педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев.
“Алиппе” – араб алфавитинин “алиф” жана “бэ” деген алгачкы эки тамгаларынан турган сөз. Мектептерде кичине балдардын сабатын жоюуга жана жазууга үйрөтүүчү биринчи китеп. Алгачкы кыргыз алиппеси чыкканга чейин кыргыз эли ташка жазылган жазууну, араб жана латын алфавитин колдонуп келген. 17-18-кылымдарда Нурмолдо аттуу окутуучу балдарды араб жазуусуна үйрөткөн. Андан кийин Алдаш Молдо менен тарыхчы, окумуштуу Белек Солтоноев дептер түрүндө китеп жазышып, ошону менен үйрөтө башташкан.
* Мындан 77 жыл мурун, 1938-жылы эң алгачкы жасалма түктөн жасалган тиш жуугуч щётка чыгарылган. Буга чейин тиш щёткалар табигый буладан жасалып келген.