Жылнаама, 16-февраль: Мындан 70 жыл мурун СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Самара Токтакунова төрөлгөн

* Мындан 70 жыл мурун, 1945-жылы СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Самара Токтакунова Чүй облусундагы Кемин районуна караштуу Кызыл-Суу айылында төрөлгөн. 1960-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына тапшырган. 1963-жылдан баштап Т.Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы К.Орозов атындагы Мамлекеттик эл аспаптар оркестринде иштеген. 1970-жылдан баштап азыркы убакытка чейин (2015) - Улуттук филармониянын солисткасы жана комузчусу. 1975-жылы Самара Токтакунова алгачкы жеке концертин берген. Ал Нью-Йорктогу (АКШ) "Метрополитен опера", Париждеги (Франция) "Олимпия" аттуу дүйнө жүзүнө атагы чыккан театрларда эл астына чыгып, комузду жана кыргыз элинин мурасын көпчүлүккө тааныткан. 
Ал Гаванадагы (Куба) 11-Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын, Москвадагы 12-Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. 1977-жылы Самара Токтакуновага "Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти", 1982-жылы "Кыргыз ССРинин Эл артисти", 1988-жылы "СССРдин Эл артисти" наамдары ыйгарылып, 1995-жылы Даңк медалы менен сыйланган. "Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору" наамын алган. Ошондой эле III даражадагы Манас ордени, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун медалы, Достук медалы, М.Ауэзовдун алтын медалы жана Астана медалы, "Кайратман эмгеги үчүн" Молдова Республикасынын жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1993-жылдан баштап Кыргыз улуттук консерваториясында жаш муундарды тарбиялап келет. Самара Токтакунова Нокс-Фильт (АКШ) шаарынын ардактуу жараны.
* Мындан 447 жыл мурун, 1568-жылы испан инквизициясы Нидерландынын бардык тургундарына өлүм өкүмүн чыгарган. Католицизмдик динди таза сактап калуу үчүн Испания инквизицияны баштаган. Ал кезде Нидерланды Испаниянын башкаруусунда болчу. Испания көп чектөөлөрдү коюп койгон (мисалы, Англия менен соода кылууга). Ошол маалда Нидерландыда протестантизм күч алган. Протестантизм католицизмден айырмаланчу. Католиктер аларды куугунтукташкан. Католицизмдик Испания Рим Папасынын колдоосунун кепилдигин алып, еретиктерди кыра баштаган. Ансыз да көп чектөөлөрдөн улам жини келип турган эл бунт чыгарып, көптөгөн жоготуулар болгон. Нидерландынын тургундарынын баары оңолгус еретиктер деп эсептелинип, испан инквизициясы баарына өлүм өкүмүн чыгарган. 
Инквизиция - башка диндин өкүлдөрүн же ерестерди суракка алуу. 
* Мындан 77 жыл мурун, 1938-жылы 16-февралда советтик саясий жана мамлекеттик ишмер Иосиф Сталин жазуучу Вера Симонованын “Сталиндин бала чагы тууралуу аңгемелер” китебинин кол жазмаларын өрттөөнү буйруган. "Китепте кошоматчылардын оюнан чыгарылган көптөгөн чындыкка туура келбеген, бурмаланган, жөнү жок мактоолор бар. Аны окугандар "башкаруучулар ар дайым күнөөсүз, баатыр болушат" деген ойдо калышат" деген. Маалыматтарда Сталиндин кошоматтыкты жактырбаганы айтылат.  
16-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан