14-февраль күнү Ысык-Көл облусундагы райондордун борборлорунда жана Балыкчы шаарында советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө карата эстеликтерге гүл коюу, эскерүү митингдери, ардагерлерге, согушта курман болгон жоокерлердин жесирлерине сый тамактар жана концерттик программалар уюштурулду.
Ооган согушунун облустук уюмунан кабарлашкандай, 15-февраль күнү Каракол шаарынын Пушкин атындагы сейил багында Ооган согушунун облустук уюмунун мүчөлөрүн чакыруу менен эстеликке гүл коюлуп, митинг өткөрүлдү. Андан соң Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайында концерттик программа тартууланып, ардагерлерге Ардак грамоталар менен акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Кошумчалай кетсек, 1979-1989-жылдар аралыгында Ооган согушуна Ысык-Көл облусунан 750 жоокер катышып, алардын ичинен 24 жоокер каза болгон. Азыркы учурда облуста 477 Ооган согушунун ардагери бар.