Бишкекте Ооган согушунун ардагерлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды

Советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 26 жылдыгына карата Бишкекте бир катар иш-чаралар болуп өттү. Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, Биринчи Май райондук администрациясы Ооган согушунун ардагерлерине, аталган согушта жакындарынан айрылган үй-бүлөлөргө акчалай жардам көрсөттү.

Ошондой эле чогулгандарга атайын концерт уюштурулуп, Ата Мекенди даңктаган ырлар тартууланды. Бул иш-чарага аталган согушта майып болуп калган 14 адам, курман болгон 6 жоокердин үй-бүлөсү чакырылса, согуштун ардагерлеринин жана ардагерлер уюмдарынын мүчөлөрүнүн саны 168ди түздү.

Райондук администрациянын бюджетинен жардам иретинде 339 400 сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан