Баткен облусунда 2014-жылы 14 эненин өлүмү катталып, көрсөткүч эки эсе өскөн. Бул тууралуу 16-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Өлүмдүн көбөйүүсүнө эне жана балдарды коргоо багытындагы талаптар аткарылбай жатканы себеп. Ал эми социалдык тармак боюнча бүгүнкү күндө облус боюнча 160 мугалим жетишпейт, саламаттык сактоо тармагы да 103 дарыгерге муктаж.
Андан сырткары облустун 2014-жылга иш-чаралардын планында белгиленген 45 иш-чаранын ичинен 38и аткарылбай калган.
Маалым болгондой, 2014-жылы Баткен облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2013-жылга карата 608 миллион сомго аз болуп, 5 миллиард 264 миллион 5 миң сомго аткарылды. Ал эми экономикалык божомолго салыштырмалуу 439,9 миллион сомго кем аткарылган. Буга облус боюнча 14 ишкана өсүү темптерин камсыздай албаганы себеп болгон. Мисалы, “Кадамжай сурьма комбинаты” ААКсы өндүрүштү 7 пайызга, "Айдаркен сымап комбинаты" АК – 62,7 пайыз, “Лейлек курулуш” ЖЧК – 83 пайыз, “Сүлүктү көмүр” АК 55,9 пайызга аткарган.
2014-жылы салык топтоонун көлөмү 1166,3 миң сомду түзүп, өсүү темпинин аткарылышынын планы 33,8 миллион сомго аз. Анын ичинен республикалык бюджетке 675,8 миллион сом жыйналып, жеткирилген план 98,3 пайызга аткарылды. Райондор боюнча төмөнкүчө: Баткен району – 24,2 миллион сом, Лейлек району – 81,1 миллион сом, Баткен шаары - 38,9 миллион сом. Ал эми жергиликтүү бюджетке 490,4 миллион сом жыйналган.