Биз социалдык тармакта

Москвада катуу шамалдан улам 80ден ашуун учак уча албай турат

Москвада катуу шамал жүрүүдө. Мындан улам Домодедово аэропортунда 17, Шереметьево аэропортунда 67 каттам кармалып турат. Бул тууралуу 16-февралда Орусиянын маалымат булактары жазып чыгышты. Маалым болгондой, 15-февралдан 16-февралга караган түнү 29 учактын учуу мөөнөтү артка жылдырылган. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул абал 16-февраль күнү да сакталарын жарыялады. Орусиянын Гидрометеорологиялык борбору мурдараак Москва аймагында болуп жаткан шамалдын деңгээли көтөрүлөрүн кабарлаган болчу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Angel92
2015-02-16 13:39:16
Оова,кечээ аявай катуу шамал болгон.А азыр жакшы эле буйруса
+1
Deesmond
2015-02-16 14:49:03
Angel92, аябай шамал болуп жатты, кардын учкунунан жол көрүнбөйт
0
Bakulya79
2015-02-16 13:50:49
кудай озу сактасын.
+1
beast
2015-02-16 14:02:24
olturam biletim karmap ucha albai mendagy domodedovoda
+2
nooken.kg
2015-02-16 14:06:36
beast, Ак жол аман эсен жетип алыныз! Кудайым жолунузду берсин. Кыргызстанга бизден салам айта барын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан