Бүгүн, 16-февралда КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиялык жыйыны өттү. Анда 2014-жылы билим берүү жаатындагы: мектепке чейинки, мектепке даярдоо, мектептерде билим берүү, китептер менен камсыздоо, жалпы республикалык тестирлөө, мугалимдердин айлык акысы, жогорку окуу жайлар, илим тармагы боюнча маселелер талкууга алынды. Жыйында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева өткөн жылдарга салыштырмалуу мугалимдердин деңгээли төмөндөп кеткенин билдирди. “2014-жылы мугалимдердин билим деңгээли боюнча отчёт тапшырылган, анда мугалимдердин деңгээли ылдыйлап кеткенин байкоого болот. Ал отчёт коомго чыкпай калды, аны алып чыгып талкууга коюшубуз керек”,- деди Ниязалиева.
Депутат Каныбек Осмоналиев окутуучулардын көйгөйлөрүн чечүүгө убакыт келип жеткенине токтолду. “Баткенде бала бакчаларда 3 бала бир керебетке жатат. Бул маселени чечүү - бүгүнкү күндүн талабы. Ошондой эле мугалимдердин маянасы көйгөй жаратууда. Бул маселени ушул жылдын март айына чейин чечүү үчүн президент Алмазбек Атамбаев Каржы министрлигине тапшырма берди. Бирок сентябрь айларына чечилет, анан да башталгыч класстардын окутуучуларынын айлыгы гана көтөрүлөрү айтылып жатат. Бул, албетте, туура эмес, каржы булактарын өкмөт таап, маселени чечиш керек”,- деди Осмоналиев.