Жылнаама, 17-февраль: Мындан 82 жыл мурун төкмө акын Токтогул Сатылганов 69 жашында каза болгон

* Мындан 82 жыл мурун, 1933-жылы кыргыз улуттук адабиятынын башында тургандардын бири, демократ акын Токтогул Сатылганов 69 жаш курагында туулган жеринде дүйнөдөн кайткан. Төкмө акын, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул Токтогул Сатылганов 1864-жылы Ош облусунун Кетмен-Төбөсүндө туулган. 13 жашынан эле айыл арасында ырдай баштаган. Ырлары ар кандай тематикада болгон. Анын "Алымкан", "Чакырбай сүткор", "Беш каман", "Эшен-калпа" сыяктуу көптөгөн ырлары белгилүү. Кийинчерээк акын "Эмне кызык?", "Гүлдөп ал", "Санат", "Терме" сыяктуу нускалуу ырларды ырдаган. Бай-манаптарды, эшен-калпаларды сындаган көп ырлары бар. 
1898-жылы Сибирге сүргүнгө айдалып, анда жүргөндө "Туткун ыры", "Ушундайбы сурагың?", "Качып келе жатканда" өңдүү ырларды чыгарган. 1903-жылы сүргүндөн келгенден кийин "Эңсеген элим аманбы?", "Апакем, аман барсыңбы?" жана башка ырларды жараткан. Октябрь революциясынан кийин жаңы түзүлүштү даңазалаган. 
Токтогул - айтыш жанрындагы ырлардын чоң устаты. "Манас" эпосун, кенже эпосторду да айткан. 1938-жылы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кийин ырларынын эки томдугу кыргызча, эки томдугу орусча, бир томдугу французча чыгарылган.
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы бир катар хит ырлардын автору, ырчы Алтынбек Алымов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында туулган. 1995-жылдан баштап калем кармап ыр жаза баштаган. Ырлары мейли сүйүү жөнүндө болсун, мейли жашоо-турмуш жөнүндө болсун, жүрөгү менен сезип жазат. Бирок алардын баары турмушунан алынган эмес. “Жасап эмес, жашап жазгыла” деген чоң акындардын сөзүнө анча көнбөйт, себеби алардын саптары обондуу ырга төп келбейт деп билет. Ырчы "Никем бар""Ак кушум" аттуу ырлары менен элге таанымал. Ошондой эле "Супер-Инфо" гезитинин гимни дал ушул Алтынбек Алымовдун калеминен жаралган.
* Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы Кытайдын армиясы Вьетнамга басып кирип, эки өлкөнүн ортосунда согуш башталган. Кытайдын 250 миң жоокери, Вьетнамдын 100 миң жоокери катышып, эки тараптан тең 20 миңден ашуун адам жайран болгон. 
17-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан