Биз социалдык тармакта

“Береке” бий тобу Түркияда жана Малайзияда өтө турган фестивалдарга катышат

“Береке” бий тобу Түркияда жана Малайзияда өтө турган фестивалдарга катышат. Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Айнура Кыдыралиева SUPER.KG порталына бүгүн, 17-февралда билдирди.

“Фестиваль май айында Түркиянын Стамбул, Измир, Бурса шаарларында өткөрүлөт. Иш-чара дүйнөдөгү элдик фольклорду өнүктүрүүгө багытталган. Биздин топтон 24 кыз барып, 4 кыргыздын улуттук бийин бийлейбиз. Учурда даярдык көрүп, жаңы бийлердин үстүнөн иштеп жатабыз. Барып келүүбүздү фестивалдын уюштуруучулары каржылашат. Малайзиядагы фестиваль август айында болот”,- деди А.Кыдыралиева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан