Нарын шаарында балдарды зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен коргоо жана оор турмуштук кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалым болгондой, Нарын шаардык мэриясынын атайын графигине ылайык, 2015-жылдын 9-февралында Москва чөлкөмүндө атайын рейд башталды. Эми 10-мартка чейин РТС, 64, Борбордук чөлкөмдөрүн, Ак-Коргон аймагын кыдыруу иштери улантылмакчы. Анда мэриянын, Нарын шаардык прокуратурасынын, Билим берүү бөлүмүнүн, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, Социалдык өнүгүү башкармалыгынын, Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, социалдык педагогдор жана тейлеген чөлкөмдөрүнө ылайык социалдык кызматкерлер иштешет.